Бүгүн, 18-декабрда Ак Үйдүн жанында "Reакция 2.0 Сөз эркиндиги үчүн жана коррупцияга каршы" тынчтык акциясы болуп өттү. Ал бир сааттай созулуп, жыйынтыгында прокуратурага кызыл айып кагазын көрсөтүү менен аяктады.
Башталышында желек көтөргөн жана калпакчан 20дай киши да басып келип, тынчтык акциясына чогулгандарга каршылыгын билдиришти. Бирок милиция кызматкерлери убагында реакция кылуу менен эки тараптын ортосунда чагымчылдык жаралбашынын алдын алышты.
Буга чейин бул тынчтык акция 25-ноябрда болуп өтүп, ал бийликке сары айып кагазын көрсөтүү менен аяктаган.