2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганына каршылык билдирүү максатында, Кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсация кылууга барган.
Жакында эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деп айткан. Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун өкүлүнө жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол сыяктуу комментарийлерине карата "биз муну эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп баалайбыз" деди.
SUPER.KG порталы "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мамлекеттер бири-биринин ички иштерине кийлигишпеш керек деген ойдо.
"Башка мамлекет экинчи мамлекеттин ички иштерине кийлигишкени туура эмес. Бир өлкөгө жол көрсөтүп, жаман же жакшы тараптарын айтуу жакшылыкка алып келбейт. Ар бир мамлекет өзүнүн ички көйгөйүн өзү чечиши керек. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун маалымат каражаттарынын банктык эсептерин камакка алганы боюнча айтканы туура эле. Ооба, ар бир жаран укугун коргоп, сотко бергенге укугу бар. Бирок банктык эсепти бир заматта жаап салганы кысым катары болуп калат. Бул туура эмес көрүнүш", - дейт Маматалиев.