2015-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганына каршылык билдирүү максатында, Кыргыз өкмөтү АКШ менен болгон макулдашууну бир тараптуу денонсация кылууга барган.
Жакында эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун ЖМКлар боюнча өкүлү Арлем Дезирдин Кыргыз өлкөсүндөгү сөз эркиндигине байланыштуу бир тараптуу жана чыныгы кырдаалды чагылдырбайт деп айткан. Тышкы иштер министрлиги ЕККУнун өкүлүнө жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин ошол сыяктуу комментарийлерине карата "биз муну эгемендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети деп баалайбыз" деди.
SUPER.KG порталы "АКШга жана ЕККУга Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" деп коңгуроо какканы туура чечим болдубу?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Кубан Мамбеталиев Тышкы иштер министрлигинин коңгуроо какканы туура эмес деген пикирде.
"БУУ бул бүтүн дүйнөдөгү мамлекеттердин уюуму, ошого мүчө болгондон кийин алардын эрежелерин аткарыш керек. Алардын укукка болгон, Азимжан Аскаровго болгон чечимдерин сыйлашыбыз шарт. Биз аны сыйлаган жокпуз. Алар түз жерден айтпайт да. Уюмдун юристтери, укук коргоочулары бар. Анын баарын текшерип чыгышкан. Азимжан Аскаровго сыйлык тапшырылганда, анын ишин карап чыгарыш керек болчу. Биздикилер чыгарган жок.
Тышкы иштер министрлигинин "эгемендүү мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегиле" дегени туура эмес. Алар биздин ички иштерге кийлигишкен жок, алар жалпысынан айтып жатышат", - дейт Мамбеталиев.