Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны 25-декабрда өтөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Маалымат жыйын саат 11:00дө башталат.
Өлкө башчы былтыр бир жылдык президенттик ишинин жыйынтыктарын 19-декабрда баяндаган.