Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов кыргыз мигранттарынын маселелерине көңүл буруу керектигин айтты.
"Өткөн жумада биздин мигранттар Орусиянын жолунда баратып, 4 жараныбыз тирүүлөй күйүп кетти. Бүгүнкү тапта өкмөт тараптан мекендештерибизге кандай жардам көрсөтүлдү? Ошол боюнча маалымат берип койсоңуздар. Алар жыргап кеткен турмуштан ал жакка кеткен жок. Үй-бүлөсүн багам деп кетишкен. Хабаровскто болгон окуя боюнча токтолсом. ЕАЭБге киргенде тең укуктуулук болот деп киргенбиз. Акча которууга чектөө киргизилип жатат", - дейт ал.