Кыргыз өлкөсүндөгү мектептерди ысык тамак менен камсыздоо 65 пайызга жетти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак берүү Кыргыз өлкөсүндөгү 2265 мектептин 65 пайызын камтыды. 2019-жылдын аягына чейин ысык тамак дагы 100 билим берүү мекемесинде уюштурулат. Мектептеги тамактануунун сапатын жакшыртуу максатында жыл башында 1500 ашпозчу атайын программанын негизинде окутуудан өткөн.
Белгилей кетсек, мектептеги тамактанууну оптимизациялоо максатында жаңы мыйзам кабыл алынган. Ал мектептердеги башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурууну милдеттендирет. Буга чейин билим берүү мекемелериндеги тамактануу рационунда чай жана булочка эле болгон. Мамлекет жыл сайын окуучулардын тамактануусуна бюджеттен 500 миллион сомдой каражат бөлөт. Ысык тамак уюштурулган мектептердин санын көбөйтүү эл аралык донорлор жана жергиликтүү бийликтин жардамында ишке ашып жатат", - деп жазылат маалыматта.