Биз социалдык тармакта

Январдан тартып электрондук тамекилерге салык салына баштайт

2020-жылдан тартып ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктарга акциз салыгы салына баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-январынан тартып, ысытылган тамекиси бар буюмдарды картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктуктарга карата акциздик салыктын ставкалары колдонуларын маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мындай товар өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар 2020-жылдын 1-январынан тартып, 1 килограмм ысытылган тамекиси бар буюмдарга – 610 сом, электрондук сигареттерди пайдалануу үчүн 1 миллилитр никотин камтыган суюктуктарга – 1 сом төлөшөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 14-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ысытылган тамекиси бар буюмдар жана никотин камтылган суюктуктар товарлардын акцизделчү тобуна киргизилди. 2019-жылдын 1-июлунан тартып 31-декабрына чейин жогоруда көрсөтүлгөн товарларга акциз салыгы 0 сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
pyeon hwa
2019-12-20 09:04:04
iqos/ Айкос чеккендерге дагыбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан