Депутат Евгения Строкова Ширин Айтматованын күйөөсүнүн кармалышы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-декабрда социалдык тармак аркылуу жазды.
"Үй-бүлөлүк иштер менен алектенгенге себеп бар. Үй-бүлөнүн кучагына кайтуу керек. Ширин, клуб күтүп турат. Кыздарың жөнүндө ойлон. Эне кыздары үчүн үлгү болушу шарт", - деп жазды Строкова.
20-декабрда Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев "ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн" УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Маалыматка ылайык, Кытай жараны Сыргак Кенжебаевге 350 миң доллар акчасын алдатып койгонун айтып, арыз жазган.