Курсан Асановдун баш коргоо чарасы 2020-жылдын февраль айына чейин узартылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы 2 айга узартылды. Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан сот Асановду 2020-жылдын 23-февралына чейин үй камагында калтыруу чечимин чыгарганын билдирди.

13-августта Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйө менен министрдин орун басары кызматынан бошотулган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министр Кашкар Жунушалиев Атамбаевди кармоо учурунда аны менен жалпысынан 3 жолу сүйлөшүү жүргүзгөнүн, министр макул кылдырган соң гана ал ишке Асанов аралашканы тууралуу маалымат тараткан.

Башкы прокуратура Курсан Асановдун иши боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары менен таанышып чыгып, ал материалдардын негизинде "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши ачылган. Сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү Аскер прокуратурасына өткөрүлгөн.

27-августта Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, 13-октябрга чейин үй камагына алуу чечимин чыгарган.

10-октябрда сот тарабынан Асановдун баш коргоо чарасы 23-декабрга чейин узартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jaznura
2019-12-22 13:12:38
Асанов өз алдынча мамлекет курууну каалаган Атамбаевдин курмандыгы болуп калды. Ошондой эле өз кызыкчылыгын көздөп милициянын кызыкчылыгын сатты.
-10
Jaznura
2019-12-22 13:13:19
Пакетгейттин башкы каарманы. Чечим туура.
-11
Alimbek1000
2019-12-22 13:25:38
Кышында соттошпой эле койгула жылуу жумшак эле жаткыла
+3
Alimbek1000
2019-12-22 13:27:04
Асанов АШАга жардам бере калам деп өтө катуу жаңылып калды. Өзү чоң органдын чоң адамы болсо кантип ал ишке барды түшүнүксүз...
-7
Altyn.bala
2019-12-22 13:59:20
Эн башкысы Курсан Асанов саткан жок.Чыныгы Генерал-Майор.А сатып кеткендер бугун бийликте отурушат.Самалёттору бузулуп.Питерден ким тосуп алды?Мына денгээли!
+2
Jaznura
2019-12-22 14:11:00
Altyn.bala,милициянын кызыкчылыгын саткан видеону көргөн эмес окшойсун. Анын Ош окуясында да бир топ акчаны чөнтөгүнө салып кеткенин айтышат.
-6
jalguzum
2019-12-22 14:10:15
Кашкар Жунушалиев кондургон болсо эмнеге Курсан Асановту киргизмек эле. Каяктагы жалгандарды айтпасын Кашкар!!!
+7
talaa11
2019-12-22 15:01:43
Атамбевти кармоо Операциясында К.Асанов озунун чыныгы Генерал экенин коргозуп абройу абдан жогорулап кетти калк арасында, А К.Жунушалиев болсо оз милдетин так аткара албай жана чечкиндуу кадамдарга барып козго корунуктуу эч бир иш алып бара алган жок ошого анын Рейтинги томондоп кетти бул жерде ошол эле коро албастык башка эчнерсе жок
+4
Alia82
2019-12-22 15:04:26
Эл ишене турган айыпты ойлоп табалбай атышат окшойт да, узартып эле калышты...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан