Депутат Асылбек Жээнбеков Бишкекти каптаган ыш боюнча: "Көйгөйдү туура айтсак, маселени чечкенге жеңил болот"

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков Бишкек шаарынын абасы көмүрдөн булганып жатканын айтты.

"Абанын булганышы көмүрдөн болуп жатат. Унааларга шылтап койгон туура эмес. Мурункуга караганда, учурда сапаттуу унаалар келип жатат. Ош шаарында деле унаалар көп. Ал жакта кара түтүн жок. Көйгөйдү туура айтсак, маселени чечкенге жеңил болот", - дейт Асылбек Жээнбеков.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Бишкек шаарынын абасынын булганышын төмөндөтүү боюнча токтом долбоору колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан