Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин мыкты сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм
сүрөт музейинде ШКУга мүчө мамлекеттердин
мыкты сүрөтчүлөрүнүн эмгектери көргөзмөгө коюлат. Мындай чечим 16-августта маданият,
маалымат жана туризм министри Султан Раев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси
Ци Даюйдун жолугушуусунда кабыл алынганын аталган министрликтин басма сөз
кызматы билдирди. Бул иш-чара 13-сентябрда Бишкекте өтө турган ШКУнун
саммитинин алкагында уюштурулмакчы. Министр бул көргөзмөнү уюштурууга кыргыз
өкмөтү жана президент Алмазбек Атамбаев колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.