23-декабрь күнү Бишкектин тургуну сиңдисинин кулагына тагылган угузуучу аппаратты жоготуп алганын айтып, элден таап берүү үчүн жардам суроодо.
"23-декабрь күнү эртең менен саат 8:00-9:00 чамасында №251 маршруткага сиңдим түшкөн. Кулагында угузуучу аппараты бар болчу. Маршруткадан түшкөндө аппарат түшүп калыптыр. Кайда түшүп калганы белгисиз. Дароо маршруттук каттам токтоочу жайга да барып, айдоочудан сураганбыз. Ал билбестигин айтты. Аталган аппарат 20 миң доллар турат. Атайын сиңдим үчүн жасалган. Башкага туура келбейт. Сураныч, ким таап же маалымат билсе кабарлашып коюңуздар", - дейт кыздын эжеси Жаңыл Сатарова.
Угузуучу аппаратты таап алгандар болсо, Жаңыл Сатаровага 0557736336 номери аркылуу байланышсаңыздар болот.