Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кезектеги сессияда борбордогу экологиялык абал тууралуу маселени карап, талкуулашты.
Бишкек шаарынын экологиялык абалы, шаарды каптаган кара түтүн, полиэтилен баштыктары тууралуу Улан Азыгалиев маалымат берди. Рысбай Аматов Жылуулук электр борборунун директору Андрей Воропаевге ЖЭБге байланыштуу суроо узатты.
"ЖЭБди модернизациялоодон кийин анын түтүгү кыска болуп калган деген пикирлер айтылып жатат. ЖЭБ шаардын абасын булгап, түтүн каптап жатат", - деди ал.