Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Президент журналисттердин ар бир суроосуна жооп бергенге аракет кылды". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйыны өттү. 188 журналист аккредитациядан өттү. Алардын ичинен 160 журналист 77 республикалык маалымат каражаттарынан, 28 журналист 15 чет элдик маалымат каражаттары болду.

SUPER.KG порталы "Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берди. Анын жооптору купулуңузга толдубу?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков журналисттер президентке берген суроолоруна канчалык деңгээлде ынанганын айта албай турганын билдирди.

"Жалпылап айтканда, президент журналисттердин ар бир суроосуна жооп бергенге аракет кылды. Суроо бергендер өздөрү канааттандырарлык жооп алдыбы аны айта албайм. Курч суроолор берилди, мамлекет башчы баарына жооп берип жатты. Президенттин жооптору журналисттерди канчалык деңгээлде ынандырды билбейм", - дейт Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан