Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмираттарындагы жана Сан-Маринодогу элчилери дайындалды

Кыргыз өлкөсүнүн Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси кызматына Абдилатиф Жумабаев дайындалды. Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлагандай, Жумабаев мурда ээлеген кызматынан бошотулган.

"Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле Кыргыз мамлекетинин Сан-Маринодогу элчилигине Мукашев Данияр Муратбекович дайындалды", - деп билдирди маалымат кызматынан.

Данияр Мукашев 1975-жылы 1-январда Фрунзеде төрөлгөн. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин 1988-жылдан баштап Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинде иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан