Кара-Сууда шайлоо учурунда атышуу болуп, 2 адам жаракат алды

18-августта Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өтүп жаткан учурда атышуу болду. Жаңжал КСДП жана “Өнүгүү” партияларынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон. Жаңжалдын айынан 2 адам октон жаракат алса, бир адам бычактан жарадар болгон. Учурда укук коргоо органдары жаңжалдын келип чыгуу себептерин жана жабыркагандардын аты-жөнүн тактоодо. Белгилей кетсек, белгиленген мөөнөттө шаардын мэри шайланбагандыгына байланыштуу 18-августта Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешине кезексиз шайлоо өткөн. Буга чейин Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары талапкерлердин жоктугунан март, апрель айларында 2 жолу мэрди шайлай албай калышкан.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан