Жогорку Кеңештин депутаттары Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана экс-депутат Мээрбек Мискенбаевге кылмыш иши боюнча айыптары угузулуп, Биринчи Май райондук сотто баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Ажибекова билдирди.
"ИИМдин Тергөө башкармалыгы Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Мээрбек Мискенбаев барымтага алуу, башаламандык уюштуруу жана күч менен бийликти басып алууну уюштуруу боюнча айыпталып жатышат. Аталгандар бүгүн, 27-декабрда ИИМдин Тергөө башкармалыгында саат 14:00дөн бери суракта болушкан. Тергөөчүлөр аларды камакка алууну сурашууда. Баш коргоо чарасын кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып бара жатышат", - деп билдирди.