Премьер-министр мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керектигин билдирди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керектигин айтты. Бул тууралуу ал Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлагандай, премьер-министр Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү боюнча макулдашылган чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн жакшы аянтча болорун белгиледи.

"Өлкө аймагына катталбаган товарларды ташып келүү, ошондой эле уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу маселелер бүгүнкү жыйындын күн тартибинде турат", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик фискалдык жана укук коргоо органдарынын жетекчилери баяндама жасашты.

Премьер-министр тармактык мамлекеттик органдардын катталбаган продукцияларды ташуу менен күрөшүү боюнча иши жетишсиз деңгээлде болуп жатканын белгиледи.

"Республиканын аймагына катталбаган продукцияларды ташуу учурларын жоюу боюнча чараларды күчөтүү керек. Кызматкерлердин кызыкдар тараптар менен ич ара сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн жоюу менен коррупциялык тобокелчиликтерди аныктоо жана четтетүү зарыл. Өлкө бюджетине каражаттардын түшүүсү силердин жоопкерчиликтүү ишиңерге көз каранды. Анткени бул каражаттар жаңы мектептерди, бала бакчаларды, жолдорду курууга, бюджеттик мекемелердин жана укук коргоо органдарынын айлык акысын жогорулатууга багытталат. Мыйзам боюнча чегерүүлөр кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө эмес, казынага түшүүсү керек", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан