Кечээ, 31-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылга арналган иш-чаранын концерттик бөлүгүндө 12 бала дайынсыз болгон. Мындай маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"31-декабрдан 1-январга караган түнү майрамдык иш-чарада 12 бала дайынсыз болгон. Милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, бардык балдар аман-эсен табылып, ата-энелерине, жакындарына өткөрүлүп берилди", - деди маалымат кызматынан.
