Майрам күндөрү Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштейт

Майрам күндөрү бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Министрлик учурда ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу оорунун белгилери байкалган жарандарды оорунун алдын алууну жана аймактык үй-бүлөлүк медицина борбору, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылууну өтүнөт. Инфекциялык ооруга чалдыккандардан алыс болуп, дарыгерлердин багыттамасы менен гана Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына барууну суранат. Учурда Бишкектеги бардык үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштөөдө. Ишемби, жекшемби күндөрү да саат 08:00дөн 18:00гө чейин стационарлар иштешет. Андан сырткары 103, 18-33 номерлерине күн-түн дебей чалып, акысыз кеңеш алышса болот", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан