3-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-январда Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт.
Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында жамгыр, кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы +7 градуска чейин жетет.
.