Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 28 жаштагы Кенжебек Хажиматов изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кенжебек Хажиматов 2019-жылдын 26-декабрь күнү саат 07:00 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Чүйүт-Сай айылындагы үйүнөн белгисиз себептер менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.
Өзгөчө белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, ак жумал, чачы кара кыска, психикалык жактан ооруйт. 2019-жылдын 25-декабрь күнү Кызыл-Жар шаарчасында жайгашкан республикалык психикалык ооруканасынан дарыланып чыккан.
Кийген кийимдери: кара түстөгү кышкы күрмө, саргыч түстөгү жемпир, спорттук шым, бутуна көлөч кийип жүргөн.
Изделип жаткан Кенжебек Хажиматов боюнча кандайдыр бир маалыматтар болсо, Таш-Көмүр ШИИБине же төмөндөгү телефон номерлерге чалып коюуну милиция кызматкерлери суранат.
Байланыш телефону: 03745 5-02-57, 0779 64-64-84, 0702 64-64-84.