"Предметтик олимпиададан биринчи орунду алуу оңой, адамгерчиликтин олимпиадасынан биринчи орунду алуу эң кыйын. Анткени адамгерчилик олимпиадасы өмүр бою уланат, силер адамгерчиликтин олимпиадасынан биринчи орун алгандардан болгула!", - дейт окуучуларга Эл мугалими Гапыр Мадаминов.
Бул жолу SUPER.KG порталы алыскы Баткендин Лейлек районундагы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов менен маектешти. Билимге сугарылган Гапыр Мадаминов окуучулар эс алууну кандай өткөрүшү керектиги жөнүндө, "Энелер мектеби", мугалимдер, ата-энелер жана китептер тууралуу айтып берди. Ал "Ой өрүшү - кругозор", "Акыл эмгегинин маданияты", "Устаттык өнөр" жана башка бир канча китептердин автору. Гапыр Мадаминов өзү түзүп, негиздеген "Энелер мектебин" бүт республикага жайылышын, Кыргыз өлкөсүндөгү бардык энелердин билимдүү, сабаттуу болушун көксөп келет. Ал бул максатын "ата-энелер окумайын, бала окубайт", - деп түшүндүрөт. Окурман, сиз дагы Эл мугалими менен болгон маекке көз жүгүртүп, окуп чыгыңыз. Анткени маек абдан кызыктуу, маанилүү жана пайдалуу.
- Агай, учурда окуучулар үчүн эс алуу эмеспи. Бул учурду алар кандай өткөрүшү керек?
- Каникул учурунда балдар жакшы уктасын, эс алсын, таза аба жутуп, ойношсун. Мен бул нерсени алар каникулга тарап жатканда өздөрүнө дагы айттым. Балдарга "тоого чыккыла, китеп окугула, жакшы эс алгыла" дедим. Бирок мени капа кылган нерсе, эс алуу учурунда балдар китеп окушпайт. Алар окуй турган, сунушталган адабий китептердин тизмеси бар. Мына ошол сунушталган китептерди алар алтындай убактысын текке кетирбей, сөзсүз окуп чыгуусу керек.
Азыркы коомдо IT технология, интернет менен маалымат алуу актуалдуу болуп жатат. Ооба, албетте аны дагы пайдаланыш керек. Бирок баары бир ал нерсе китептен окуп үйрөнүүгө жетпейт. Себеби китепти конкреттүү сезип окуйсуң, образдуу элестөө болот. Кандай болгон күндө дагы китеп такыр башка. Ошондуктан мен балдарды эс алуу учурунда "китеп окугула!" деп чакырып кетким келет. Өзүбүз болсо каникул күндөрү балдарды ЖРТга, олимпиадага даярдап жатабыз. Мындан сырткары, мугалимдердин кесиптик даражасын жогорулатуу боюнча дагы иштер жүрүп жатат.
- Жакшы кеңеш болду. Эми кеп "Энелер мектеби" тууралуу болсун.
- "Энелер мектебин" окуп, айтып жана жайылтып жатканыбыздын көп себептери бар. Азыр коомубузда чоң өзгөрүүлөр, глобализация, вестернизация маалыматтык коом болуп жатат. Булардын көп жакшы жактары бар. Ошону менен бирге кээ бир ойлоно турган жактары дагы жок эмес. Мындан улам жаштарды чоң өзгөрүүлөргө даярдап, жакшы багыт бериш үчүн энелерди окутуу муктаждыгы жаралат. Бул көйгөйлөрдү көп ойлонуп, иш аракеттер менен күрөшүп келе жатабыз. Бирок эң башкысы ошонун баарын үй-бүлөдөн башташыбыз керек. Анткени эне үй-бүлөнүн түркүгү, баары энеден башталат. Быйыл дагы Кудайым кааласа, жакшы ойлорубуз бар. Азыркы күндө Баткен облусу боюнча 50 миң эне "Энелер мектебинен" өттү. "Энелер мектебин" Баткен облусунун губернаторунун орун басары Чынар Саттарова дагы колдоп, облуска жайылтып, райондун билим берүү бөлүмдөрү, акимдер жалпы бийлик өкүлдөрү колдоп жатат.
Мындан сырткары, эң башкы маселе үй-бүлөдө балдарды ыйман, ынсап, билимге тарбиялоо, келечекте дүйнөлүк масштабда жаңыча ой жүгүртүп, эмгекчил, мекенчил жана өз оюн ачык айта ала турган инсандар болуп өсүүсү үчүн энелер сабаттуу болушу керек. Биздин мектептин эң башкы максаты үй-бүлөгө, ата-энеге, педагогикалык маданиятты киргизүү. Ата-энелер балдарды тарбиялоого багыт берүү жана анын методикасын үйрөтүү болуп эсептелинет. Ар бир эле жакта энелер жөнүндө жакшы ойлор, сөздөр, ырлар жана жакшы куттуктоолор айтылат. Бирок энелер алгач эле бала тарбиясы боюнча методикага муктаж. Көпчүлүк энелер баланы кантип тарбиялоо жолдорун билбейт. Мына азыр тарбиясы татаал балдар чыгууда. Зөөкүрлүк, сойкулук, баңгилик, таш боордук деген оор илдеттер таркап жатат. Мына ошолордун тамыры үй-бүлөгө, энеге барып такалат. Энелер сабаттуу, билимдүү болсо, балдарын мээримге тойгузса эң жакшы болот.
Бир адамга 25 жылдык эксперимент жүргүзүү процессинде ашказан менен бирге адамдын жан дүйнө (рух) казаны, акыл казаны дагы ток болушу маанилүү экенине түшүндүм. Мындан улам "Энелер мектеби" аркылуу жаштарыбыздын, жалпы коомубуздун жан дүйнө казанын, акыл казанын тойгузууга багыт берип келе жатабыз. Бул максат менен үй-бүлөдө "Маданияттуу үй-бүлөнүн белгиси" дегенди иштеп чыктык. Кандай үй-бүлө маданияттуу үй-бүлө болот? Евроремонт кылып, үйүн заңгыратып салган үй-бүлө маданияттуу болуп эсептелинбейт. Маданияттуу үй-бүлө болуш үчүн ал үйдө үй-бүлөлүк китепкана болушу керек. Ал үйгө илимдүү, билимдүү, ыймандуу, асыл инсандар бат-баттан конокко чакырылып турушу керек. Азыр конокту дагы кафе-ресторандарда тосуп калышты. Бирок өспүрүм балдар илим-билим, таалим-тарбияны үйгө келген адамдардын дагы таасиринен ала алышат. Илгери этнопедагогикада чай куюп отуруп, балдар келген меймандардын аңгемесин угуп, жакшы тарбия алчу экен. Мына ушул багытта иш алып баралы, эзелки кыргыздын кыргыздыгын дагы сактап калалы деген аракет күч бизде. Меймандостук, ак ниеттүүлүк менен бирге "үйгө канча бут кирсе, ошончо кут кирет" деген сөздү эске алып, энелерибизге жеткирүү максатында жана ата-энелерибиздин мектеп менен байланышын жакшыртуу аракеттерин жүргүзүп жатабыз.
Ата-эне качан гана мектепке баланын чогулушу болгондо барбастан, тынымсыз барып, кабар алып туруусу керек. Бул абдан маанилүү. Биз 1-класстан 11-класска чейинки "Энелер мектебинин" программасын жана колдонмо китептерин жазып чыкканбыз. Ошонун негизинде ар бир класстын энелери бир айда бир жолу окуйт. Аларга сабакты класс жетекчилер өтөт. Ата-энелерге өздөрүнө жана коомго керектүү жакшы маалыматтар берилип жатат. Аны энелер үй-бүлөсүндө практика жүзүндө пайдаланып жатышат. Мына ушул багытта Кудай деп иштеп жатабыз. Азыр Кудайга шүгүр натыйжа жакшы. Окуучуларыбыз чет мамлекттерде ийгиликтүү окуп жатышат. Бул ийгиликти биз "Энелер мектебинин" натыйжасы деп түшүнөбүз.
- "Энеси эссиз эзели оңолбойт, атасы эссиз анда-санда барып оңолот" дейт. Балким сиздин жайылткан идеологияңызда ушул макалдын таасири чоң чыгаар... Айтсаңыз, бул мектепти ачуу идеясы эмнеден улам пайда болду? Бир нерсени баштоодо ага кандайдыр бир окуя себеп болот эмеспи?
- Жакшы суроо бердиңиз. Эсиңиздерде болсо, 1992-93-жылдары Союз ыдырап, коом аябай оор акыбалга кептелген. Жетишсиз жашоонун айынан балдар мектепте окубай койгон. Ал учурда өлкөнү ачарчылык каптаган. Ошондо балдар окууга такыр кызыкпай койгондугу, тартибининин начарлап бара жаткандыгы мени чынында ойлонткон. Жыйынтыгында "Энелер мектебин" ачуу идеясы келип чыккан. Андан бир топ убакыт өткөндөн кийин гана "Энелер мектебинин" жобосун, программасын иштеп чыктым. Идея 1992-жылы келген болсо, системдүү сабак өтүү 1997-жылга туш келет. Биз жаштардын тарбиясы десе эле зордук-зомбулукту айтабыз. Тарбияда эң чоң коркунучтуу көйгөй бул -жаштардын жан дүйнөсүнүн боштугу, кайдыгерлик, таш боордук, мээримсиздик, кайрымсыздык жана мал-мүлккө, дүйнөгө, атак-даңкка азгырылуу, башка баалуулуктардан алыстап кетүү болуп эсептелинет. Ал үчүн энелердин билими бүтүн болсо гана алардан билимдүү балдар тарбияланат. "Энеси жакшынын бардык баласы жакшы, атасы жакшынын бир баласы жакшы" деген макал сыяктуу эне оңолсо, үй-бүлө оңолот, заман оңолот, коом оңолот.
- Педагогикалык ишмердүүлүгүңүздө, эмгек жолуңузда кандай кыйынчылыктар болду? Кесибиңиз үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
- Андай учурлар көп болду. Алардын баарын айтсам, узун сабак болот. Эң башында "Энелер мектебин" өзүнчө мектеп кылып ачканда түшүнбөстүк, тоскоолдук кылгандар чынында көп болду. Анын баарына чыдап, "Кудай" деп иштөөгө туура келди. Бирок ошол эле учурда колдогон адамдар дагы көп болду. Мисалы, Балтагул Нурумбетов, Исак Бекбоев, Жанкороз Каниметов сыяктуу окумуштуу адамдар, айылдын Карим Ташбалтаев, Убайдулла Муратов деген жакшы адамдары жанымда "сен туура кылып жатасың, Гапыр!", "сени колдойбуз, бул жолуңдан кайтпа!", - деп дем берип турушту.
Ал эми тоскоолдук кылып, каршылык кылгандардын атын айтуудан алысмын. Мен айтмакмын жаңылыкты, жакшылыкты баштаймын деген адамдарга тоскоолдук, бузукулук, маскаралоо, шылдыңдоо көп болот экен. Мындан улам "Эй, элим, Кудай деп ыйман-ынсабы бар, билимдүү адамдар бир жакшылыкты баштаса, колдоо көрсөтөлү", - деп кайрылуу катарында айткым келет. Канчалаган жакшы иштер тоскоолдуктун, шылдыңдоонун, ишенбестиктин кесепетинен ишке ашпай калып жатат. Жакында эле ушул ойлорум камтылган "Өзүн-өзү тарбиялоо асыл инсандык сапат" деген китебим чыкты. Китепте бул тууралуу кеңири айтылган. Өзүн тарбиялоонун маанилүүлүгү, жакшылыкты колдоонун маанилүүлүгү кенен айтылат. Бул китеп аркылуу энелердин өзүн-өзү тарбиялоосун үй-бүлөдөн баштоо тууралуу сабакты баштадык.
-Үй-бүлөңүз, ата-энеңиз тууралуу дагы билгибиз келип турат.
- Үй-бүлөм көптүн катарындагы жөнөкөй үй-бүлөлөрдөн болуп эсептелинет. Ата-энем тууралуу дайыма айткым келет. Ата-энем Маматкул, Курсанай деген шахтёр адамдар. Биз Сүлүктү шаарында жашаганбыз. Ата-энем тогуз баланы чоңойткон. Кудайга шүгүр, көмүр казып, шахтада иштеп жүрүп баарыбызды окутуп, чокутту. Азыр үй-бүлөбүздөн эки илимдин кандидаты чыкты. Иним Артыкбай Ислам академиясын бүтүргөн. Өзүм 2018-жылы педагогика илимдеринин кандидаты болуп, "Энелер мектеби" боюнча диссертациямды жактадым. Эже-карындаштарымдын арасында мугалимдер бар. Өзүмдүн балдарым, өмүрлүк жолдошум дагы мугалим. Өмүрлүк жолдошум өзү дагы "Энелер мектебинде" окуду. Ал ар дайым мени колдоп, коштоп турат. Кудайга шүгүр балдарды чоңойтуп, окуттук. Алар учурда өз жолдорун таап окуп, иштеп жатышат.
- Азыркы коомдо мугалимдерге сый жоголду деп айтып келе жатышат. Айтылган кептерди акыркы учурда коомдо болуп жаткан окуялар дагы далидеп жатат окшойт. Бул алешемдиктерге кандайча жол берилип жатат жана эмне үчүн?
- Жакшы суроо бердиңиз. Азыр мугалимдерге өлкө башчыбыз, өкмөтүбүз жакшы көңүл бөлүп жатат. Бирок албетте, эки тарапка тең талапты коюш керек. Мугалимдик кесип албетте ыйык. Чынында кесиптердин баары ыйык, ардактуу. Ак эмгеги менен пол жууган кишинин дагы эмгеги ак, кесиби ыйык. Жер жүзүндө канча кесип болсо, анын баарын ыйык деп айтар элем. Бирок анын ичинде мугалим бардык кесип ээлерин тарбиялоочу, окутуучу болуп эсептелинет. Ошол үчүн айлыкты көтөрүү менен бирге мугалимдин кадыр-баркын, имиджин көтөрүүнү жалпыбыз ойлонуп, кам көрүшүбүз керек.
Бирок ошол эле учурда мугалимдер дагы мугалим деген атына татыктуу болушу шарт. Мугалимдикке окуп жаткан студенттердин дагы билим сапатын көтөрүп, аларды жакшы окутуу маанилүү. Билим алып жаткан студенттер билимин жогорулатып, аны түптөөгө зор эмгек, күч жумшашы керек. Анткени сабак берүүдө чоң көйгөйлөр болуп жатат. Аны мен сылык тил менен айтып жатканымды түшүндүрө кетейин.
Бардык жогорку окуу жайларындагы педагогикалык факультеттердеги билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл бөлбөсөк, анда мектептердеги билим сапатын жакшыртуубуз өтө кыйын болуп калат. Мен жаман деп айтуудан алысмын. Бирок өтө дипломатиялык тил менен, эч кимди капа кылбай айткым келет. Мугалимдер дагы мугалим атыбызга татыктуу болуп, билимибизди тынымсыз өстүрүүбүз милдет. Интернеттен алган анча-мынча маалыматтар, видео сабактар менен чектелбешибиз керек. Мугалим классиканы, илимди терең казып, билими, адамгерчилиги менен өзүнүн макамын өзү көтөрүшү керек.