Белгилүү спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде сап башына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун жаңыланган рейтинги кабар берет.
2020-жылдын биринчи рейтинги 2019-жылы өткөн Дүйнө чемпиондугунун жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн. Анда Айсулуу Тыныбекова алтын медалга ээ болгон. Аталган рейтинг 2020-жылы өтө турган Олимпиада оюндарында таразага түшүүдө таасир этет.