Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн бала Табарак ушул тапта Индияда дарылануу үчүн анализ тапшырып жатат. Бул тууралуу "Ак ниет-Аманат" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаевге байланышып, маалымат алдык.
Учурда Сапарбаев Кыргыз өлкөсүнөн Индияга алып барган 5 бейтап жана алардын жакындары менен Нью-Дели шаарында жүрөт.
"Биз Нью-Делиге 5-январда келдик. Келген бейтаптардын бири Табарак, ошондой эле Татынайым жана Алихан дагы бар. Татынайым бир үй-бүлөнүн 12 жыл күткөн жалгыз кызы, Алихан экөөнүн диагнозу окшош - канды айландырып турган сөөк чучуктарынын начар иштеши же иштебей калышы менен жабыркашат. Татынайым буга чейин да келген болчу ошондо жакшы болуп, бирок дарыгерлер 15 жашка чейин көзөмөлдө болушу керек дегендиктен, кайрадан анализ берүү үчүн келди.
Ал эми Табарак көзүндөгү шишик боюнча келди. Өткөн жылы анын жүрөгүнө операция жасалган эле, дарыгерлер адегенде жүрөгүн текшеришет. Ошонун жыйынтыгы менен МРТ тапшырат, ал эми Татынайым менен Алихан МРТга анализ тапшырышты. Мындан тышкары, кандан да анализ тапшырышты.
"Fortis" - Индиядагы эң чоң клиникалардын бири, биз анын башкы кеңсесине келдик. Мында абдан тажрыйбалуу, дүйнөлүк деңгээлдеги дарыгерлер иштешет. Биздин коом буга чейин да бул клиникага бейтаптарды алып келип, көбү жакшы болуп кайтышкан. Бул жолу алып келген бейтаптар да аталган клиникага келишти. Бул жерден дүйнөнүн жүздөн ашык улуттарын көрөсүң, ооруган адамдар көп, карап жүрөгүң ооруйт. Ошентсе да Табарактын абалы көпчүлүккө ары таң калычтуу, ары аянычтуу болуп турат.
Көзү боюнча дарыгерлер азырынча бир жыйынтыктуу кеп айта элек. Баары жүрөгүнүн, МРТнын анализдеринен көз каранды. Дарыгерлерден жок дегенде 10 пайызга көрүүнү кайтарса болобу деп сурадым, алар анализди күтүшүбүз керек дешүүдө. Ошондон кийин операция болобу же башка жол менен дарылайбы айтышат. Биз жакшылыктан үмүт кылып, Кудайдан тилеп жатабыз", - деди Сапарбаев.
Ошондой эле ал бүгүн Нью-Дели шаарында жүргөн бейтаптарга мындай мүмкүнчүлүк кыргыздын боорукер жарандарынын жардамы менен түзүлүп жатканына токтолуп, кайдыгер карабагандардын баарына ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Табарактын атасы Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Өткөн жылы жеке курулуш компаниясы жана кайрымдуу адамдардын жардамы менен "Ак ниет-Аманат" фондунун демилгесинде үй-бүлө 3 бөлмөлүү батирлүү болгон. Мындан тышкары, Табарактын жүрөгүнө операция жасалган.