32-жайкы Олимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтөрү көпчүлүгүбүзгө маалым. Оюндардын ачылышы 24-июлда өтөт.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта 5 кыргыз спортчусу Олимпиадага катышууга жолдомо алган. Оюндарга жалпы 21 спортчу жолдомо алары божомолдонууда.
Кыргыз спортчулары качан күч сынашары төмөндө:
Сууда сүзүү:
25-июль:
Саат 16:00дө 100 метр аралыкка сүзүү
Денис Петрашов
28-июль:
Саат 16:00дө 200 метр аралыкка сүзүү
Денис Петрашов
Күрөш:
4-август:
Саат 08:00дө 1/8 финалдын беттештери
Грек-рим күрөшү 87 килограммга чейинки салмак ченинде
Атабек Азисбеков
Эркин күрөш 62 килограммга чейинки салмак ченинде
Айсулуу Тыныбекова
8-август:
Жеңил атлетика:
Саат 14:00дө марафон
Юлия Андреева жана Дарья Маслова
Мелдештердин сааты Бишкек убактысы менен көрсөтүлгөн.