Интернет айдыңынан конькини чимирилте тепкен аксакалдын видеосун көрсөңүз керек. Ал видео коомчулукка тараганда "баракелде, азыр жаштар белин көтөрө албай жүрүшөт, аксакал конькини чимирилте тээп жүрөт", "азаматсыз" деп аксакалды алкагандар көп болууда. Бир күндө интернет жылдызына айланган Эмил мырза менен байланышып, анын эркин күрөш боюнча машыктыруучу экенин да билдик.
- Саламатсызбы, Эмил мырза? Конькини чимирилте тепкениңизге караганда көп жылдан бери бул жаатта алектенип келет окшойсуз?
- Саламатчылык. Мен алгач биздин качантан бери коньки тээп баштаганбызга, тарыхка кайрыла кетейин. 1940-1955-жылдары Жумгал районуна Миң-Куш шаар тибиндеги айылы курулуп, аны камсыздандыруу үчүн райондун борборуна май чыгаруучу жана эт комбинаты курулган. Албетте, ишканага орустар тартылган. Биз ошол орустар менен аралашып коньки тепкенди өздөштүргөн экенбиз. Биздин заманда "снегурочка" деген конькилер болчу, "дудуш" деп да койчубуз. Ал кезде азыркыдай шарт жок уйдун кыгын союл менен уруп ойночубуз.
Коньки теппегениме 42 жыл болуптур. Силер көргөн видеодо 42 жыл тыныгуудан кийин тепкем.
- Окуя кандай болду? Сизди кокустан тартып калыштыбы? Же ал жакка атайын чакырыштыбы?
- Жаңы жылда Чаекке балдарым менен эс алганы баргам. Байтикке кайтар маалыбыз болуп калганда (ред. учурда Байтик айылында жашайт) Нурдин Мотуев Чаектеги Кара-Жээк сейил багына чакырып, "Аксакал, сейил бакка келип, өзүңүз жаштарга мастер-класс көргөзүп кетпейсизби?" деп калды. Ошого эле барып тээп калгам. Нурдинге рахмат, видеодон кийин жаштар мени жылдыз кылып салышты.
- Сиз видео интернетке тараганын кайдан билдиңиз? Видеону өзүңүз көрдүңүзбү?
- Чаектен кетип жатканда эле тели-теңтуштарым айтып жатышты. Мен аларга "коньки тепкенге элеби?" деп таң калып жатам. Биз үчүн бул көнүмүш адат. Ал эми жаштар үчүн жаңылык окшойт да. Видеону көрүп, астына жазылган жагымдуу пикирлерди окуп кубанычка бөлөндүм.
- Баары эле сиздин жашыңызга кызыгып жатышат. Азыр канча жаштасыз?
- Мен 59 жаштамын. Ошондо бир бала да видеого тартып жатып "ата, сиздей карыган кишилер да коньки тебеби?" дейт. Мен карыган киши эмесмин, колумдан жумуш келген, ишке жарактуу кишимин дедим.
Чынында мен ооруп кеч үйлөндүм, 48 жашымда тун уулум жарыкка келди, экинчим былтыр 1 жашка чыкты. Кеч үйлөнгөн соң өзүңдүн кара жаныңды карай баштайт экенсиң. Адам ириде өзүнө көңүл бурушу керек деп ойлойм.
- Билишибизче, сиз эркин күрөш боюнча машыктыруучу да экенсиз?
- Ооба, мен алгач Чаектен машыгып баштагам. Кийинчерээк Жумаев аттуу машыктыруучум кеткенден кийин башкаларга баргым келбей койду. Аскерден кийин Казакстанда окуп жүрүп, Орунбасаров деген мыкты машыктыруучудан сабак алып, кыска мөөнөттө жакшы жыйынтыкка жетишкем. Бирок суукка урунуп, ден соолугум жол бербей ошол боюнча күрөшпөй калдым. Теңтуштарым азыр депутат, министр болуп калышкан, алар да жумушка кир деп чакырышат. Аларга да айтам, мага эч нерсенин кереги жок. Жок дегенде 100 балага тарбия берсем, ошол мен үчүн Кыргыз өлкөсүнө кошкон салымым дейм.
- Кесибиңиз кайсы? Учурда машыктыруучулуктан тышкары эмне менен алек болосуз?
- Мен Кыргыз улуттук университетинин орус тил факультетин аяктагам. Филология багытында окуганым мага азыркы күнгө чейин жардам берип келет. Бирок бул багытта иштеген жокмун. Учурда машыктыруучулуктан тышкары бала-чаканы багайын деп жүк ташып иштейм. Мен андай жумуштан уялбайм. Ак эмгек менен тапкан акчанын уяты жок. Анткени мен ал акча менен үй-бүлөмдү багып жатам.
- Рахмат маегиңизге! Мындан ары да күч-кубаттуу болуп жүрө бериңиз!