"Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү боюнча артыкчылык мындан кийинки жылдарда да сакталат, анткени бул узак мөөнөттүү жана ырааттуу процесс болуп саналат", - деп президенттик аппараттын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп жарыялоо жөнүндө жарлык тууралуу комментарий берип жатып билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал өлкөнүн региондорун өнүктүрүү боюнча милдеттер мамлекет башчысы тарабынан бир нече жолу айтылганын эске салды.
"Региондордун потенциалын жана алардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жер-жерлерде сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча комплекстүү жана системдүү иштер жасалышы керек", - деди Данияр Иманалиев.
Ал санариптештирүү боюнча кээ бир долбоорлорду ишке ашыруу ушул жылы да улантыларын баса белгиледи.
"Бүгүнү күндө бардык мамлекеттик органдар ведомстволор аралык "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулган. Жеке структураларды кошуу активдүү жүрүүдө. 25тен ашуун коммерциялык банктардын ичинен 16 банк бул тутумга кошулган жана маалыматтар менен алмашуу жүрө баштады", - деп кошумчалады.
Ошондой эле ал кийинки этапта жеке секторлордун жана өлкө жарандарынын санариптештирүү процессине активдүү катышууларын талап кылган долбоорлор да бар экенин кошумчалады.
"Иштелип чыккан жана ишке киргизилген санариптик аракеттенишүүнүн механизмдери ошондой эле санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат. Жаңы инновациялык технологиялардын колдонуучусу болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү өздөрү маалыматтык технологияларды колдоно билиши керек. Санарип технологиялардын экономикага жана социалдык тармакта тереңирээк кириши үчүн биз ошондой эле калктын арасында санарип сабаттуулугун жогорулатышыбыз керек. Бул талаптарга ылайык аталган жарлыкта санарип сабаттуулугунун потенциалын жогорулатууга багытталган бир катар иш-чаралар каралган", - деди ал.