Учурда ырчы Асел Кадырбекова өздүк гив-оюнун уюштуруп, баш байгеге Range rover үлгүсүндөгү автоунаа коюлганын жар салууда. Оюндун видеосу социалдык тармактарга жүктөлөрү менен коомчулукта чоң нааразычылык жаратты.
Видео Мамлекеттик циркте тартылып, белекке коюлган унаага варанды соймолотуп, рулга маймылды отургузуп, багажына оозу жабылып, жипке байланган мамалакты салып коюшкан. Аталган видео социалдык тармакта нааразычылык жаратып, жаныбарларга аёосуз мамиле кылууга үндөп жатасың деп Аселди ур-тепкиге алышууда. Бул боюнча Аселге байланышууга аракет кылдык. Азырынча ырчы комментарий бере элек.