"Factcheck" сайтынын редакторунун ур-токмокко алынышы боюнча окуяны ИИМ өз көзөмөлүнө алды

"Factcheck.kg" интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировду ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алды делинген окуяны ИИМ жетекчилиги өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бишкектеги Эркиндик жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде "Factcheck.kg" сайтынын редактору Болот Темировду сабап кеткен. Бул кылмыш окуясынын бетин ачып, күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча учурда Бишкек шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө, издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Болот Темировго карата жасалган кылмыштын бетин ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө. Тиешелүү кызматтарга кылмыштын бетин ачуу багытындагы тапшырмалар берилгендигин баса белгилейбиз", - деди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2020-01-09 16:54:40
Бул жашоодо негизи журналист же жарандык активист болуш керек окшойт деп калдым катуурак осуруп койсон да баардык медиалар чыгарым элдин чордонунда болот экенсин карапайым эл чек арада эмне болуп жатат баары экинчи орунда калат экен
-2
Jaznura
2020-01-09 16:55:05
Факт чектин окуялардын жалган же чын экендигин кантип карап берет болду экен? Болот Темировдун сабалгандыгы тууралуу милиция чара көрүп жаткандыгы маалымдалды.
-3
robot111
2020-01-09 16:56:20
Досум Болот аяшкадан таякжеп алып хайп жаратып жатасынго.
-7
Absamat-90
2020-01-09 16:57:14
Камерага тартылып калган экен. эми ИИМ иликтесе анан себеби айтылаар чыгар, алдын ала көз ачыктык кылбай сабыр сактап туралы.
-5
robot111
2020-01-09 16:57:18
Уят болуп калбасан болду досум
-6
Mirlan27011987
2020-01-09 18:23:27
Соке кетиш керек. Болбосо онолбойбуз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан