"Кумтөр" кениндеги Лысый жээк өрөөнүндө үйүлгөн жараксыз катмар кескин түрдө жылып, анын кесепетинен эки кызматкердин дайынсыз болуп жатканына 1 айдан ашык убакыт өттү. Бүгүн, 10-январда 2 жумушчунун издөө иштери токтотулгандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан тастыктады.
Ага ылайык, көчкү жүргөндөн кийин дайынсыз болуп жаткан эки адамды издөө иштери алардын жакындарынын жана компаниянын 2 тараптуу макулдашуусунун негизинде токтотулду.
Жергиликтүү маалымат каражаттары аларга жаназа окула турганын жазды.