Бүгүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт

13-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт.

14-15-январда туруксуз аба ырайы сакталып турат. 14-январда көпчүлүк аймактарда, 15-январда кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан