Орусиялык футболчу Погребняктын жубайын таксиден түшүрүп салган кыргыз жигити: "Мария Погребняк кечирим сурап, акча, белек сунуштады. Аны өлтүрүп кетебиз деп коркутуп жатышыптыр"

Интернет айдыңына белгилүү орусиялык футболчу Павел Погребняктын жубайы Мария Погребнякты такси кызматында иштеген айдоочу унаадан түшүрүп салганы тууралуу видео тарап, катуу талкууга түшкөн. Погребняк такси дарегине жеткирбей, жолго түшүрүп салганын айтып, нааразы болгон видеону социалдык тармагына чыгарган. Видео бат эле коомчулукка тарап, моделди орто жолдо калтырган кыргыз жигитин күнөөлөп жатып калышкан. SUPER.KG порталы окуянын каарманы Тилеке Исмаилов менен байланышып, анын чындыгын укту.

- Саламатсызбы, Тилеке? Алгач өзүңүздү тааныштырып кетсеңиз.

- Саламатчылык. Мен Тилеке Исмаилов, 1987-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылында төрөлгөм. Үйдө 2 бир тууганбыз, эжем анан мен. Атам Кара-Кулжа районунда волейбол, баскетбол, стол тенниси боюнча Эмгек сиңирген машыктыруучу, апам үй кожойкеси, неберелери менен үйдө отурат.

- Сизди актёр деп да айтып жатышат. Кино чөйрөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле?

- Мен 8-класстан баштап спортко кызыктым. Жеки Чандын кинолорун көрүп, "трюктарды кантип аткарат?" деп таң кала берчүмүн. Биздин Аман деген кошунабыз бар эле, азыр раматылык болуп кетти. Ошол кошунамды мен агайым деп билем. Ал актёр, каскадёр Адилет Акматовдун досу болчу. Бир жолу Аман агай Адилет мырзанын трюктары тартылган видеокассетаны алып келип, "көрсөң, сен да үйрөнсөң болот" деди. Айткандай эле трюктарды кассетадан көрүп таасирленип, паркур, көчө акробатикалары менен машыгып баштадым. Көчөлөрдө секирип жыгылып, жаракат алган күндөр көп болду. Ага карабай, Адилет Акматовдой болом деп машыга берчүмүн. Аскерге барып келгенден кийин Адилет Акматовдун командасына кошулуп, чогуу иштешип калдык. Анын командасына кошулгандан бери кино чөйрөсүнө аралаштым. Каскадёр катары "Ант" тасмасына, казакстандык "Райондор" ("Районы") деген тасмаларына катышкам.

- Учурда Москвада такси кызматында иштейт экенсиз. Бул жумушта көптөн бери жүрөсүзбү?

- Ооба, акча керек болгондо Москвага келебиз. Иштеп айылга барабыз, кайра акча түгөнгөндө Москвага кетебиз (күлүп). Ошентип жашап жүрөбүз. Москвага келип ашпозчу, короо шыпыргыч болуп иштедим. Складдарда, типографияда иштедим. Акыры такси кызматына келип токтодум.

- Такси кызматы демекчи, сизди орусиялык белгилүү футболчу Павел Погребняктын жубайы Мария Погребнякты таксиден чыгарып салды деп чуу түшүп эле жатып калышты. Окуя тууралуу сиздин пикириңизди угалы дегенбиз.

- Мен Марияны унаадан түшүрөйүн деген оюм жок болчу. Жакшы эле көрсөткөн дарекке алып келип, "келдик" десем, "жок, жанында ресторан бар болчу" деп чоң атасынын менчик кулундай кылып, мага бакырып кирди. Ызы-чуу салды. Андай окуяга биринчи жолу кабылып жаткандыктан "эмнеге бакырасың?" деп артымды карап жиберсем, жаакка бир чаап жиберди. Ошондо жиним келип унаадан түшүп, дарегиңе келдик, түш десем Погребняк каяктагы окуяларды токуп, айдоочу мени жеткирбей жатат деп телефонуна тартып кирди. Колунан тартып түшүрүп салайын дедим, аял болгондуктан бир нерсе болуп кетпесин деп тийген жокмун. Чыкпагандыгына байланыштуу мен да өзүнө жараша болсун деп унаага отурдум да, телефонго тартып кирдим. Ошол учурда мага дагы башка буйрутма түшүп калды. Буйрутма кабыл албасам активдүүлүк түшүп калат, ошон үчүн аны кабыл алып, 3 мүнөттөй Марияны түшүрө албай убара болдум. Түш десем болбойт, анан баштыктары оюма келди. Баштыктарын алып туруп капотко койсом, өзү ээрчип түштү. Баштыктарын берсем албай койду эле, жерге коюп кетип калдым. Ал жакта тура берсем дагы чыр уланып кетмек, ошон үчүн кеттим.

- Окуя мындай чоң чырга айланып кетерин күттүңүз беле? Жөн киши эмес, жылдыздын жубайы менен чырга аралашып калдыңыз?

- Арызданса керек деп ойлогом. Мен деле ошондо унаадагы "таксинин айдоочусу экстренный окуяга туш болду", "жардам керек" деген баскычтарды баскам, мага бир сааттан кийин гана жооп келди. Эки кардарды жеткиргенден кийин мени Яндекс таксиден блокко киргизип салышты. Арызданган экен деп дароо түшүндүм. Эртеси башка агрегат менен жумушка чыктым, таң атпай туугандар, тааныштар абалымды сурап чалып жатышты. Башында түшүнгөн жокмун, буларга эмне болгон деп койгом. Анан бирөөсү "ызы-чуу кылбай, жөн эле жеткирип койбойт белең?" дегенде анан түшүндүм. Интернетке кирсем, Мария мени жамандап видеону чыгарып салыптыр. Кийин орусиялык Денис аттуу блогер менин версиямды чыгарды. Ал менин маршрутумду көрүп, сен туура кылыпсың деди. Ошол видеодон кийин баары менин чындыкты айтканыма ишенип, Марияны жамандап баштады. Мени баары актап, колдошту. Элге чындыкты колдогонуна рахмат.

- Учурда Мария менен маселени чечишип алыпсыңар. Ошондо ал күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурадыбы?

- Денис тарткан видеодон кийин Мария мага чалып, "кечирим сурайсыңбы?" деди. Ошол эле керек болсо, "кечирим сурайм. Мындан башка менин тынчымды алба" деп коюп салдым. Эртеси мага Инстаграм баракчама "сенин баракчаңды көрүп чыктым, үй-бүлөң бар экен, балдарыңа белек берейин, картаңды айт, акча котороюн" деп жазып баштады. Кереги жок дедим. Ошондон бери күндө толтура жолу чалып жатат. Албай койсом "сага белек берип жибердим, алып ал" деп дарегин жазып СМС-билдирүү калтырыптыр. Белегин деле алган жокмун, кереги жок мага деп айтып жатам. Мага акча, белек сунуштагандан көрө таксиден блоктон чыгарып бергиле дедим, эки күндөн кийин маселемди чечип берди.

Марияны учурда коркутуп жатышыптыр. "Мени коркутуп жатышат" деп скриншот жөнөттү. Кайсы улуттун өкүлдөрү билбейм, "сени, күйөөңдү кошуп өлтүрүп кетебиз. Мусулмандарды билбейт экенсиң" деп коркутуп-үркүтүп жатышыптыр. Бир күнү "телепрограммага чакырып жатат, барасыңбы?" деп чалды, мага кереги жок чуунун, сага керек болсо бара бер деп койдум. Анан элге кайрылуу калтырып кой деп суранганынан социалдык баракчам аркылуу аны кечиргенимди айттым.

- Негизи такси кызматына байланыштуу чырлуу окуяга мекендештерибиз көп кабылат. Бул боюнча пикириңиз кандай?

- Туура, такси кызматында иштегендерди жамандагандар көп. Негизи бул жумушта нерви күчтүүлөр иштесе дейм. "Жаман эл болбойт, жаман адам болот" дегендей, ар кандай кардарлар туш болот. Баарын сабырдуулук менен жеңиш керек. Сиздерге да рахмат, окуяны бир тараптуу эмес, менин да пикиримди берип жатканыңыздарга. Эл да Денистин видеосунан кийин улуту, динине карабай менин абалымды түшүнүп, мени колдоп, Тилек атымды актап коюшту.

- Маегиңизге рахмат! Мындан аркы ишиңизге ийгилик!

Кыргыз жигити белгилүү орус футболчусунун жубайын таксиден чыгарып салып талкууга калган
Орусиялык футболчунун аялын таксисттен түшүрүп салган кыргыз жигитинин окуясы. Блогер Денис тарткан видео
Кардарын таксиден түшүрүп салып чуу болгон Кыргыз таксист окуя тууралуу айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Paol
2020-01-14 22:36:24
Молодец байке өзүбүзжүн укугубузду билишибиз керек
+22
Nur777
2020-01-14 23:26:14
Денис деген блогерге рахмат,ал Тилекке жаны ачып целый жарым сааттык видео чыгарган,мен коруп раазы болгом,одурандаган орустардын оюн ондогон,антпесе дагы бир жердешибиз жаманатты болуп аткан...Тилек,ишине ийгилик,эми буюрса сага каскадёрлукка предложениелер тушот болуш керек орустардан,всё что не делается всё к лучшему дегендей озун каалабасан да жылдыз болуп кеттин)))
+25
jike
2020-01-14 23:37:28
Орус кыз тилекти жактырып калганбы деймда. Белектерди жонотуп
+14
Migrant-rf
2020-01-15 02:30:34
Красавчик Тилек так держать.
+7
almadai
2020-01-15 10:56:21
а Денистин видеосун кайдан корсок болот?
+1
Pandora
2020-01-15 13:47:19
almadai,Жогорудагы видионун, экинчиси.
0
Jelezo
2020-01-15 11:43:46
Эмнегедир орустар өздөрүн биринчи сорттогу адам катары сезишет бирок дүйнө элдеринин көпчүлүгү жаман көрүшөт.
+4
Mervi
2020-01-15 13:18:11
Денистин видеосу чыгалекте эле баары Тилек тарапта экен го. Комментарий жазгандын баары колдошуптур кылганынды
+3
AykaMer
2020-01-15 16:52:03
Коркутуп жатат деп айткан болсо,болушам деп оолугуп жөнөп калба анан...Вдруг сени торго түшүрүштү план кылып жатат...Кудай сактасын билип болбойт.
+4
Avrora2017
2020-01-15 19:00:34
AykaMer,Tuura orustardan baaryn kutso bolot
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан