Дарыгерге карата орой мамиле жасап, "сенин балаң өлүп калсын!" деген келиндин үстүнө арыз түштү. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"13-январда №3 балдар ооруканасынын дарыгери Р.Ч. арыз менен кайрылды. Анда дарыгердин кабылдамасында отурган белгисиз аял агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, уят сөздөрдү сүйлөп, кызматкерге карата орой мамиле жасагандыгы айтылат.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө дарыгерге орой мамиле кылды деген келиндин аты-жөнү Н.Г. экендиги такталды. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканда, дарыгер тосмо арыз менен кайрылып, Н.Г`га карата доосу жок экенин билдирди", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Интернетке дарыгерге асылып, аны кемсинтип сүйлөп, "ылайым сенин балаң өлүп калсын!" деген келиндин видеосу тарап, талкууга алынган.