Интернетке дарыгерге асылып, "балаң өлүп калсын!" деген келиндин видеосу тарады

Интернетке дарыгерге асылып, аны кемсинтип сүйлөп, "ылайым сенин балаң өлүп калсын!" деген келиндин видеосу тарады. Анда колуна кызын көтөрүп алган эне дарыгер жазып берген рецептке макул болбой жатканын, оорукананын кызматкерлерине орой мамиле кылганын көрүүгө болот.

Видеодо дарыгерлер баланы карап, ага ОРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) деген диагноз койгонун айтышууда. Бирок кыздын апасы мындай дарылоого макул болбой, башка жол менен дарылоону талап кылып жатат. Нааразы болгон келин дарыгерди видеого тартып, социалдык тармакка чыгарам деп коркутуп, андан кийин "сенин кызың же балаң өлүп калсын!" деп айтканын угууга болот.

Бул окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, окуя качан болгону белгисиз экенин билдирди.

"Бейтаптын дарыгерлерге карата жасаган орой мамилеси качан болгону белгисиз. Бирок окуя №3 балдар ооруканасында болгон. Дарыгерлер сасык тумоо болгондо, дароо эле антибиотик жазып бербейт. Дарылоонун жолдору бар. Жарандар тарабынан ушундай орой мамиле болсо ким иштемек эле? Ушул сыяктуу окуялардан улам 1 айда 4 дарыгер жумуштан кетип калган учур болгон", - дейт маалымат кызматынан.

Дарыгерлерге нааразы болгон келин
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
ajos
2020-01-13 21:05:12
Бул видеонун негизинде жаш аял толук куноолуу сыяктуу. Баласын дарылатканы келбей эле дарыгерди сынаганы келген го. Ибупрофен баланын тамагы кызарганына туура жазылган. Андан кыйын билсе кайрылбай эле койбойбу. Жанжалды жакшы коргон адамдар арабызда жетиштуу эле. Эн негизгиси наристеси айыгып кетишине тилектешмин.
+3
Tiken
2020-01-13 22:22:00
Бизде Кудайга шугур врачтар жакшы эле(Ак-Босогонун педиатры Ж. Сейиткановна жакшы педиатр) Ооруп барсан балан менен жакшы эле карап берет.Андан сырткары жазында инфекционныйга жатып чыктык врачтар бир сом алган жок, биз жаткан отделениенин башчысы агай экен ФИО унутуп калдым. Бишкек биринчи роддомго жаткан кезде естественно бердик врачтарга бирок тейлоо мыкты болду. Хамоватый врачка омурумдо биринчи жолу УЗИ почек кылганда тушболдум.Оорубайт турбайсынбы,соосу деле келе берет деп кубалап чыккан.
+3
Tiken
2020-01-13 22:24:19
Тиги келин тажаал экен. Бала ооруганда баарыбыз эле нерв болобуз. Бирок жалпы коомчулуктун этикасын сактоо керек да. Балан олсун деп айтуу туура эмес го...
+3
KG.Kushtarbek
2020-01-13 22:30:22
Дарыгерлер бизде .Эээ кудай ошо дарыгерлерге ошондой билим берип неге кичинне болсода ыйман берген емесекена Азр ооруп ход олуп атсанда ечнерсе кылбайт акчасын бермейинче как будто акчаны алып кететтер наркы дунуйого
-2
al-abu-kinesz
2020-01-13 22:44:36
Дарыгерлердин арасында да, элдин арасында да дегеле бардык катмардагы адамдардан грубияндар чыгат. Эгерде азыр наоборот врач ажылдаганда элдин баары созго комуп коймок. Жакшылары деле толтура.
+1
Bermet068
2020-01-13 22:46:30
Балан олуп калсын деп каргабай эле койбойбу.Баладан айрылган эн жаман.Ал дарыгердин ордуна озун коюп корсунчу ошондо билет.
+3
Agayu
2020-01-13 23:31:31
Европа Акш Орустардын врачтары эмнеге жакшы денгеелге жэтишкен .Себеби ушундай кыйынчылыктан отушкон .Биз алар Балкан жолду Эми басып келтабыз .Жакшы Жака ниет кыла берейли .Баары жакшы болот.!!
+2
tokitok
2020-01-14 01:02:27
дура блииин. стерва экен. врачтар молодец что выложили кичине бир аз озуно келип калат.
+2
tokitok
2020-01-14 01:04:13
врачтарга да кыйын алар кудай эмес заматта айыктырып койчудай. инструция боюнча иштей бир ошибка чон проблема бул жакта адамдын омуру турат. бирок жамандары коп согласна.
0
sherzatik
2020-01-14 03:07:53
Көк мээ келин(((
+1
basyz-kaman
2020-01-14 05:23:16
Азыркы врачтар бокту дагы билбейт, барсаң эле ороңдоп жакшы жооп бербейт. Ачыгын айтыш керек врачка күнүң түшкүдөй болбосун.
-4
argen1991
2020-01-14 08:28:23
Ай койчай
0
Shokoladka94
2020-01-14 11:25:04
Врач орой мамиле кылып жатса маданияттуу эле суйлоп, ордуна койсон болот да. Врачтардан конулум калган менин дагы, балан ооруп, журогун канап отурсан какаганга муштаган кылышат.
Бирок баары жаман дегенден алысмын, азыр частный педиатрга эле алып барам, акча деле коп албайт
-1
Rusi79
2020-01-14 15:15:32
Врачтарды жаман коргондорго ылайым эле балдарынар врач болуп калсын.
0
arimaz89
2020-01-15 10:29:48
"Врачтар балээни да билбейт" дегендер, эгер алардын билбегенине ишенимдүү болсоңор, өзүңөр билгич болсоңор ошончолук, балээңерге барасыңарбы врачтарга?! Интернеттен окуп эле өз алдынча балаңарды бага бербейсиңерби оорутпай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан