Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айылдарда элдин жашоосу жакшырып жатканын айтты.
"Мен дайыма салыштырып жүрөм. Мындан 10 жыл мурда айылдарга жолугушууга барганда жашоочулар ат, эшек минип, анча-мынчасы унаа менен келишчү. 3-4 жылдан бери жолугушууга ат менен келгендер жок. 500 адам чогулса, жок дегенде 250 унаа болот. Эшекти айтпай эле коёюн, бир ат жок. Бул турмуштун жакшырганыбы?" - деди Боронов.