Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды

Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарак Асилбек уулунун бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды. Бул тууралуу "Ак ниет-Аманат" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

"Тилекке каршы, Табарактын көрүүсү өмүр бою кайтарылбайт экен" деди ал. Операция азырынча Табарактын бир көзүнө жасалып, операциядан наристе аман-эсен чыккан.

"Операция ийгиликтүү жасалды, бала андан чыкканга чейин Кудайга жалынып отурдук. Бирок ал жарыкчылыкты өмүр бою көрө албастыгын угуп сай-сөөгүбүз сыздап турат. Баары бир жакшылыктан үмүт үзгүбүз келбейт. Дагы 1-2 аптадан кийин экинчи көзүндөгү шишик алынат. Дарыгерлер бала кыйналып калбасын деп биринчи бир эле көзүндөгү шишикти алды. Асылбек Нуркамил уулу менен чогуу жүрүп аларга абдан ичим ачышты. Дени соо адамдарга караганда жашоосу бир топ оор экен, ага карабастан балдарынын саламаттыгы үчүн аракет көрүп жүрөт", - деди Сапарбаев.

Буга чейин аталган коомдун башчысы Табарактан тышкары дагы 4 бейтап менен Индиядагы эң ири клиникалардын биринде дарыланып жаткандыгы жазылган.

Эске салсак, Табарактын атасы Асилбек Нуркамил уулунун 2 көзү тең көрбөйт. Ал үйлөнөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз издеп, 2012-жылы Жазгүл аттуу кызга үйлөнгөн. Улуу кызы Хафиза ден соолугу чың төрөлгөн, бирок сүйлөө жагынан аксайт. 2-кызы Басиранын да көзү азиз. 3-баласы Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн. Өткөн жылы жеке курулуш компаниясы жана кайрымдуу адамдардын жардамы менен "Ак ниет-Аманат" фондунун демилгесинде үй-бүлө 3 бөлмөлүү батирлүү болгон. Мындан тышкары, Табарактын жүрөгүнө операция жасалган.

Көз ордуна 2 шишик менен төрөлгөн Табарактын бир көзүндөгү шишик операция жолу менен алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
admiral
2020-01-15 11:00:19
Аллахым сабыр берсин бул уйболого аябай оор сыно, мындай сыноону эч кимдин башына салбасын Кудайым. Ютуптан видеосун коруп ыйлабаган адам мээримсиз адам! Видеону коруп коп нерселердин кадырына жетпей жоргонумду билдим.. Медер мырза жашоодогу жолунузду тааптырсыз Аллахым омурунузду берсин, сиздей адамдарга кыргыз эли муктаж..
+6
iryi1
2020-01-15 12:30:38
Жараткан Тенир ден соолук берсин. Бир гана Тенирден ден соолук тилеп, оорубагыла.
-4
bema_bema
2020-01-15 14:14:14
iryi1,Тенирден сен сурай бер
+2
nur007mir009kg
2020-01-15 16:08:54
Аллахым Шыфаасын берсин Амиин.
+4
Kuyoo_bala
2020-01-15 16:49:49
Аллахым шыпаасын берсин
+3
faraon312
2020-01-15 21:54:31
Аллах сабыр берсин ата-энесине. Наристеге шыпаа берсин. Көзүбүз бар адамдар шүгүр кылалы...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан