“Киношок” эл аралык фестивалында кыргызстандык кинорежиссёрлордун 7 көркөм тасмасы көрсөтүлөт

15-2 2-сентябрь күндөрү Орусиянын Анапа шаарында өтө турган “Киношок” эл аралык фестивалында кыргызстандык кинорежиссёрлордун 7 көркөм тасмалары жана 3 кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой,  кинофестивалда Руслан Акундун “Салам Нью-Йорк”, Темир Бирназаровдун “Кумар”, продюсер Эрке Жумакматованын “Кыргызстан мен сени сүйөм”, Эрнест Абдыжапаровдун “Такси жана телефон”, “До+Фа”, Адилет Акматовдун “Мурас сыры”, Акжол Бекболотовдун “Карт бойдок” жана Данияр Абдыкеримовдун “Гу Жун Пёго кантип турмушка чыгууга болот?” аттуу көркөм тасмалары көрсөтүлөт. Ошондой эле Алижан Насировдун “Кара далы”, Наргиза Маматкулованын “Зефир” жана Нуржамал Карамолдоеванын “Өгүз аял” аттуу кыска метраждуу тасмалары фестивалда көрсөтүлөт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан