Баткендеги чек ара чырында колуна ок тийген жаран: "Абал жакшы болсо, Ак Үйдүн алдына келбейт элем"

Бүгүн, 15-январда Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча митинг өтүп жатат.

Сөз Баткендеги чек ара чырында колуна ок тийген Аманбай Абдулаким уулуна берилди. Ал жаракат алгандыгы үчүн мамлекеттен эч кандай компенсациянын кереги жок экенин айтты.

"Мага бул үчүн өкмөттөн эч нерсенин кереги жок. Мага чек ара маселесин чечип бергени керек. Андагы абал коркунучтуу, болбосо Баткенден Ак Үйгө келмек эмеспиз. Бийлик биздин үндү уксун", - деди ал.

Бүгүн, 15-январда Ак Үйдүн алдында Кыргыз-Тажик чек ара маселесин чечүүнү талап кылган жарандар митингге чыгышты. Чогулгандар бийликтен качантан бери чечилбей келе жаткан маселени чечип берүүсүн талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Alimbek1000
2020-01-15 11:55:49
Бир тараптуу чечиле турган маселе эмес да бул.
-10
Jaznura
2020-01-15 11:56:06
Чек ара маселесин эми ЖКда да көтөрүп чыгышат. Алардан да идеялар чыкса керек.
-5
Absamat-90
2020-01-15 11:56:43
Бирок ошол жерде 28 жылдан бери эмес, канча кылымдан бери тажиктер менен кошуна турабыз.Эгемендик алгандан бери деле 28 жыл отту, ошол мезгил аралыгында айтылып, азыркыдай реакция болгондо, азыр абал башкача болмок.
-5
chake
2020-01-15 12:01:20
бул таш ыргытуу менен же бир эле кыргызстан тараптан чечилчүү маселе эмес да 30 жылдан бери чечилбей келген маселе болуп жатпайбы мурдагы бийлик азыркыдай аракет кылган эмес, азыр жакшы эле аракеттер болуп жатат 1 мартка чейин күтуп туралы бир туугандар
-10
Altyn.bala
2020-01-15 12:19:29
chake,аракеттер кантип болуп жатат?Оозунду оттото бербей фактын менен айтчы.Чек ара боюнча айтып чыккандарды камап атса кайдагы аракет?1-мартка чейин эмес эле Сокенин убактысы буткончо кутпойлубу.3 жыл болду Сокеге 1 жылыш жок.Мактайсынар анан келип алып.Суйлоордон мурун кичине ойлонгулачы жанагы 4-5 оон.
+8
tavanova.sarah
2020-01-15 13:31:53
Кана башы иштеген А.Мадумаров? Кечээ сайрап атт элего башы иштеген болуп? Чегара маселесин чечбесе дагы, варианты болсо айтпайбы?
+3
Kyrgyz_bloger
2020-01-15 15:06:43
tavanova.sarah,вариантын айтса бийлик кыла койобу духу жетпейт анан акча дегенде олот да бийликтегилер,бир литр бензин,бир кг продукт отпой турган кылып санкция кылыш керек,Тажиктердин машиналары биз жака кирип дагы бензин куйа албай турган кылыш керек ошондо оздору келет макул чечели чек араны деп.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан