Чүйдүн Жайыл районунда 10 жаштагы бала ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала ооруканага кечээ, 14-январда келип түшкөн.
"Баланын абалы оор, учурда комада. Ал Жайыл аймактык ооруканасында жатат. Тийиштүү чаралар көрүлүүдө", - деди басма сөз кызматынан.