Чүйдө бир үйдөн 4 жаран иске ууланды. Алардын үчөөсү каза болуп, бири ооруканада комада

Чүй облусунун Жайыл районунда 4 адам иске ууланып, үчөө каза болуп, бирөө ооруканада комада жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жайыл райондук аймактык ооруканасынын "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 14-январда катталган.

"Бизге чакыруу келип түшүп, Жайыл районундагы айылдардын бирине барганыбызда бир үйдөн 4 адам ууланыптыр. Биз дароо эле 3 адам каза болгонун аныктап, 14 жаштагы өспүрүмдү ооруканага алып кеттик. Ал эми каза болгондор бир үй-бүлө болушу мүмкүн. Алар 1970-жылы туулган эркек киши, 1971-жылы туулган аял киши жана 2001-жылы туулган эркек бала экен. Биз милиция чакыртканбыз. Андан аркы ишти алар иликтеп жатышкан. Болжолдуу түрдө маркумдар иске ууланышкан", - деди дарыгер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү буга чейин Жайыл районунда 10 жаштагы бала ууланып, комада жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан