Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 19 жаштагы кыз секирип кетти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 15-январда саат 19:00 чамасында Жибек Жолу кең көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн 4-кабатынан М.С. аттуу кыз секирип кеткен. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу менен "Тез жардам" кызматы барган.
"Кыз Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.