Окуучунун апасы мугалимди класстан жулкулдатып чыгарган окуя. Чырдын анык себеби эмнеде? (видео)

2019-жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган болчу. Анда окуяга "окуучунун апасы күнөөлүү" деп айткандар, ошол эле учурда "мугалим окуучунун сураган буюмун берип койсо, азыркыдай чырга жол берилбейт болчу" дегендер болгон. Видеодо окуучунун апасы мугалимди колдон тартып, директорго алып баруу үчүн класстан алып чыкканын көрүүгө болот. Аталган окуяны чагылдырган видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтып, SUPER.KG порталына кайрылды.

“Окуя болгон учурда мен адаттагыдай үйдө балам менен олтургам. Кызым Умай эки мектепте окуйт. Кызымдын бул жактагы сабагы саат 14:00дө бүтүп, адаттагыдай П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебине барышы керек болгон. Тилекке каршы, ал күнү окуя таптакыр башкача нукта орун алган. Кызым сыртка кийип чыга турган бут кийимин класстан алуу үчүн мугалимден уруксат сураганда, аны алууга уруксат берген эмес. Кызым үшүп, бут кийимин ала албай турган. Мугалим ал жерде “2-сменада окуган окуучулар классты кечиктирип бошотту” деп жатат. Бул жерде мен айтар элем, окуучулар биринчиден жөндөн-жөн эле классты кеч бошотпойт. Ал жерде окуучуларды көзөмөлдөгөн мугалим болот. Мындан улам "3-смена баштала турган учурдун убактысын кайсы мугалим алган?" деген суроо бар. Ошондуктан айтылган пикирди мугалимдин калпы деп эсептейм", - дейт Авсаматова.

Бул окуядан улам Авсаматова мугалимдердин жеке өзүнө нааразычылыгы бар экенин дагы кошумчалап өттү. Айтымында, ал мугалимдерден тактыкты жана актыкты талап кылып, мектептеги кээ бир маселелерге кийлигишип, көзөмөлгө алып келген. Биз социалдык тармактарга тараган видео тууралуу окуучунун апасына "балким, балаңызга эне катары жан тартып жаткандырсыз, видеого түшүп калган абалга сизди эмне түрттү?", "мугалим менен жекече сүйлөшүүгө мүмкүн болбодубу?" деген суроо узаттык. Ал “мугалимди тартып, директорго алып чыгууга, өзү мажбур кылды” деп жооп узатты.

Айтымында, ал мугалимге эки жолу акырын сүйлөп, директорго барууга чакырган, бирок ал ордунан козголбой, тоготпогондой мамиле жасаган. Мындан улам окуучунун апасы мугалимди колдон тартып мажбурлоо жолу менен директорго алып барууга аргасыз болгон.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу окуяга катыштыгы бар мугалим Гүлфиза Мамытбековадан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Ал камерадан тышкары маалымат берип, окуя тууралуу пикир билдире албастыгын билдирди. Мамытбекова бул жагдайды учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштуу экенин айтып жана анын укугун окуучунун апасы тебелегенин, мындан улам комментарий бере албасын айтты.

Ал эми №95 мектептин директору Айгүл Шимова окуучунун апасынын мугалимди колдон алып директорго алып келгенин туура эмес деп эсептейт жана мугалимдин классты таштабай окуу процессин улантканын туура деп баалайт. Айтымында, ал окуучунун апасы менен жакшы тааныш жана ал жеке директорго келгенде маселе мындай ырбап кетмек эмес.

“Албетте, бул окуяда окуучунун апасы эне катары ачууланды. Мен аны түшүнүп турам. Окуучунун апасы менен мектепке директор болуп келгенден бери жакшы таанышмын. Биз аны менен бир нече жолу жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Анткени анын башка суроолор боюнча дагы маселелери болуп, биз аны сыртка чыгарбастан, чууга жеткирбей эле өз ара чечишкенбиз.

Азыркы учурда окутуучуга жана ошол күнү коридордо нөөмөттө турган мугалимге дагы эскертүү берилди. Мугалим чыгуу учурунда гана бут кийимди ала турганын эскерткен. Окуучунун апасы эмнеге мугалимди сүйрөп директорго алып келүү аракетин көргөнү түшүнүксүз. Ал мугалими жок эле өзү келгенде баланын бут кийимин, балким, өзүм алып бермекмин. Анткени ал учурда мугалим сабак өтүп жаткан", - деди Шимова окуя тууралуу.

Учурда аталган мектепте көп окуучу билим алгандыктан, балдар үч смена менен окушат. Аталган окуя көпчүлүк ата-эне жана окуучуларга сабак болгонун, окуяга тиешелүү мугалимдерге эскертүү берилгенин мектеп директору айтып өттү. Бирок бул эскертүү чын эле маселени чечкенге бөгөт боло алабы аны эч ким айта албайт.

Эскерте кетүүчү жагдай, буга чейин аталган окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү тараткан. Анда министрлик эненин жүрүм-турумун айыптап, мугалимге ар тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирген. Маалыматта министрлик Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте атайын комиссия түзүп, №95 мектепте орун алган окуяны кылдат иликтей турганын билдирген.

Окурман, окуя тууралуу тараптардын айтканын толук түрдө видеоматериалдан көрүңүз.

№95-мектептеги окуучунун апасы менен мугалимдин чыры: Күнөө ким тарапта?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
JaneEr
2020-01-16 16:05:59
Биз токмок жеп чонойгонбуз мектепте.Дискотекага барсак темир менен сабачу.Азыркылар соз которо албайт.Тарбия начар уйдо.Бир нерсе болсо мугалим куноолуу дайыма.
+13
janym_balam
2020-01-16 21:08:02
JaneEr,оа бизди деле урушуп эле окуткан эжекелер. Арызданбайт болчубуз. Азыркылар эле "болушчаактын баласы ыйлаак" болуп...
+1
ainura220888
2020-01-16 17:13:22
Мугалимли судуроп чыкыдай ким бул??? Тем боле сабак буткондо аласын деп эскертуу берсе. Мектептин ичи ыссык Бишкекте тонуп турду дейт. Просто кызын ботинкасын унутуп кеткени сенин планына не вписалась и все! Башка мектепте окууса жетишьей атсан башкалар сен ойлогондой болуш керекби. Сенин балан бала башкалардын сабак окуп аткан балдары малбы. Директор айтып ататго башка проблеммаларыда болгон деп. Вечно недовольная мамаша экенда.пускай бейбаштык беренеси менен иш козголсун. Башка кыйындарга саба
+16
katerina.li
2020-01-16 17:15:05
Ким биринчи тажаалданып суйлосо ,ошонуку чын болуп калат негедир. Апасы мугалимди суйрогонго эч укугу жок. Кызын тыйсын биринчи
+11
kanu
2020-01-17 09:25:15
katerina.li,кызын эмнесин твйат жаман нерсе кылбаса, любой жерде тушунуу менен иш кылса болмок, убакыт деген баарына кымбат да эшикте жон туруп убакытын откоргусу келбейт эч Ким башка мектебине кечигип жон турганча кийип кетирип койсо ашып кетсе 10мин кетет ко
+5
Aimani
2020-01-16 19:43:29
Мугалим кызга "акырын кирип алып ал" деп койсо эле болмок. Бир мүнөт убакыт кетет эле. Ушунча маселе жаратпай
+8
Paol
2020-01-16 19:59:03
Я ботом кой антпениз эже бир аз болсо да сиздин баланызга сизден кийин тарбия берип жаткан адаиды сыйланыз
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-01-16 20:24:15
Мугалимди коргогон мыйзамга муктажбыз!
+5
LASTO4KA_1
2020-01-16 21:29:31
Апасы да кызы да окшошгон докчу экенда.. Мектептин ичи жылуу болсо кантип тонот, ушуйт. Бут кийимин бербей, колунан жетелеп мектептен чыгарып койсо бир маселе эле. Мугалимдерди коргошубуз керек и так алардын айлыгы аз, жумушу оор. Ушинте берсенер Мугалимдердин баары мугалимдиктен баш тартса, ушуга окшогон мал ата энелер окутабы? Ошондуктан ар бир ата эне оз балдарынарга тын болууну, тартиптуу, адептуу болууну уйроткуло.. Бир нерсе болсо эле мугалимге сокку жасабастан!
+6
kanu
2020-01-17 09:26:55
LASTO4KA_1,эч кандай аз эмес или стлердики аз болсо болгондур биз жакта норм.алышат и муналим деген чем Ата эмнеге Караганда сабырдуу и жаман соз оозунан чыкпаган психолог болуш кк.
+1
Birimdik5555
2020-01-17 09:12:14
Эми ошо ботинкени берип койсо болмок да мугалим кичине кызды ушутпой,бизди деле урган соккон дегендер ал заман отуп кеткен,эми урбай сокпой эле жакшына окутуш керек окуучуларды.
+1
AksyKum
2020-01-17 11:18:35
Мугалимдердин баарын эле жакшы деп айта албайм.Аксыдагы Кум айылынын Кочконов мектебинин мугалимдери кыздарды оозго алгыз создор менен урушат ж.п,жер копкондо коптунор,силердин фигуранар катындыкына окшош силердикине Караганда меники сонун фигурам деген сыяктуу создорду айтат.Директору динге Отто каршы мечитке барган балдарды урушат
0
Saliman
2020-01-17 12:38:58
AksyKum,туура айрым мугалимдер бар ошондой оозуна алы жетпеген.бир кумалак бир карын майды чиритет деген ошода
0
Jasi.jasi
2020-01-17 13:26:13
Тообо азыркылар шумдук да кичинеле бир нерсе болсо паника чыгарып киришет.Биз мугалимибизден кадимкидей келтек жечубуз,хотя кыз бала болсок да аячу эмес.Эсимде ортон манжасында кызыл коздуу шакеги болчу,сабак аткарбай барсак же кеч калып кирсек ошол шакеги менен бешенебизге донкулдатып доскага турткулочу:)Бирок ошончо болсо да ата энебизге арызданып келчу эмеспиз.Себеби кайра озун жамансын ырас кылыптыр эжекен деп бизди урушчу ата энебиз.Китеп менен да чокуга салчу эжекебиз:)Зато стукач болбодук
0
Sajakat14
2020-01-17 13:39:00
Африкада элдер кырылышмак тургай сууга, нанга жетпей өлүп жатышат! Жок жерден маселе табасыңар! Мугалим эми тиги окуучу кыздын бут кийимин алып чыгып берип койсо же кирип алып ал деп койсо ушуга жетмек эмес! Тигил апасы дагы жинденди да экиинчи мектепке кечигип жатса кызы.Сабак бүткөнгө чейин күтсө аябай кечигип жатпайбы мектепке. Ашып кетсе 1-3 мүнөт кетмек максимум класстан чыгып кеткенге!Анан мугалим болгону үчүн эле игнорго сала береби? 2-3 мүнөт эмнени чечет сабакта?
+1
Armada100
2020-02-23 11:07:16
Биздин ата-энебиз жер тырмап, мал багып эле бизди уйдон окуубузга жардамдашууга убактылары жок эле. Анан мектепте начар бааларды алчубуз. Кээде мугалимдер указка менен сабачу. Кийин студент болгондо ошол тушунбогон сабактарды карап чыктым. Баары элементарный эле конугуулор экен, бирок мугалим эмнеге ушуну аткара албайсын деп эле сабай берчу. Анын ордуна акырын тушундурсо туура болмок экен. Биз даттанып барчу эмеспиз, сабактан дагы кача алчу эмеспиз, кунуго келтек жеп келчубуз.
Чыр деле чык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан