Жакшылык, чоң жигит бол! Боинг кырсыгынан кийин элдин уулуна айланган Жакшылык быйыл да эскерүүгө калпак кийип келди

Бүгүн, 16-январда 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгына 3 жыл болду. Кырсыкта бир үй-бүлөдөн жалгыз калган Жакшылык учурда 3-класста окуйт. Ал "Сапат" билим берүү мектебинин алдыңкы окуучуларынын бири. Каратэ, футбол, шахмат, математика боюнча ийримдерге да катышканын билдирген.

Учак кыйраган күнү Жакшылыктын ата-энеси жана 2 карындашы каза болуп, 7 жаштагы Жакшылык чоң ата, чоң энесинин колунда калган.

Бүгүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгында жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Жолугушуудагы сүрөттөн бүтүндөй кыргыздын уулуна айланган Жакшылыктын чоңоюп калганын көрүүгө болот. Жакшылыктын кырсыктан кийинки сүрөттөрүн тизмектеп көрдүк.

2017-жылдын 26-январь күнү. Кырсыктан 10 күндөн кийин.

2018-жылдын 15-январь күнү. Кырсыктан 1 жылдан кийин.

2019-жылдын 15-январь күнү. Кырсыктан 2 жылдан кийин.

2020-жылдын 16-январь күнү. Кырсыктан 3 жылдан кийин.

Мындан 3 жыл мурун дал ушул күндүн таңы кыргыз эли үчүн каргашалуу, кандуу окуя менен аткан. Анда "Манас" эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан аймакка учак кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылып, 16 адам жабыркаган. Кырсыкка кабылган Боинг 747-400F учагы Гонконг-Бишкек-Стамбул багытында учуп бара жатып, күйүүчү май куюу үчүн Бишкекке конмок болгону маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Migrant-rf
2020-01-16 18:29:36
Гүленчилер (феточулар) баары бир формадагы калпак кийишет. Өмүрлүү бол Жакыш.
-10
Romantik.
2020-01-16 18:52:58
Migrant-rf, кандай түшүнсө болот? Гуленчилер формадагы калпак кийишет дегениңди
+6
Migrant-rf
2020-01-16 19:22:14
Romantik., аны өздөрү түшүнөт, сен түшүнбөсөң башыңды оорутпай эле кой))).

Пс. Ошондо бул учактын кырсыгына катышкан күнөөлүүлөрдү таптыңарбы? Бугада депуттаттык комиссия түзүлгөн эле, жыйынтыгы жок
+5
aliya-leyla
2020-01-16 20:26:34
Migrant-rf,сапаттан башка мектеп жокпу
-1
Musafir
2020-01-17 00:10:31
aliya-leyla, сапат деген окуу жай, фетхуллах гүлен деген еврейлердин агентинин окуу жайлары болот, окуп жүрүшкөндө тим эле эл аралык олимпиадаларда чемпион болушатта, анан ошол чемпион бүтүрүүчүлөрүнүн биринда Кырыгызстанга таштабай чет өлкөгө (акш англияларга) алып чыгып кетишет, өз элине кереги тийбеген окуучунун кимге кереги бар эле?!
-7
Alisher
2020-01-17 05:19:23
Musafir,Ит уро берет кербен журо берет. Ит деле тааныбаган адамга урот.
+3
Nadia68
2020-01-17 10:59:49
Musafir, кечиресиз бирок, далилиниз барбы же оозеки укканынызды айтып атасызбы?
+2
Adil18
2020-01-16 20:59:16
Migrant-rf,
Бизде Кыргызстанда жон гана комиссия тузулот.Эртен эл сурап калса эмне дейбиз деп эч качан башын ооруткан эмес жетекчилер.
Жоопкерчилик жок.Кудай деп гана суйлошот.
2010-жылдын май айындагы банк кутучасы (ячейка),Турмодон качуу операциясы,Дача Су,Тарых музейине (ондоп тузоо учун эле 1 миллиард 600 миллион сом) дагы комиссия тузулгон.
Жыйынтыктары жок.
+2
kanu
2020-01-17 09:37:39
Migrant-rf,биз деле тушунбодум тушундурбойсунбу тушунуп алалы, озундун эле колдонгон созун окшойт)))
0
nemo2016
2020-01-17 11:44:50
Migrant-rf,зима не будет
0
Sultanim
2020-01-17 13:56:24
Migrant-rf,1- сенин "өмүрлүү бол"-дегенден башка эмне пайдаң тийди Жакшылыкка???
2-калпакты алар өздөрү тигип кийишет бекен атайын бир жерин бир нерсе кылып? Өзүнө ылайыктуу эле калпак турат го?
3-жөн эле жерден күнөөгө чөмүлбөй,сактансаң боло...
0
Pchelka85
2020-01-16 18:33:44
Баардык суроттордо мундуу коз карашы.. эн акыркысы, быйылкысында кичине жузуно жылмайуу кириптир.. ананайын.... аман бол!!!! Кудайым короп жакшылыктарды берсин!!!
+29
munduz2016
2020-01-16 19:02:30
Өмүрлүү, ырыскылуу, ыймандуу болуп чоңойсун...Менин уулум менен тең. Аттары да окшош Жакшылык...
Боинг кырсыгына ким жоопкерчиликке тартылат?
+18
bekbol2006
2020-01-16 20:00:49
Буларга Эл чогулткан акчаны норм болуп бердиби озу
+9
kuttubekuzgen
2020-01-16 23:57:23
bekbol2006, жакшы эле болуп берди окшойт болбосо ызычуу чыгарышмакда.
+3
akmanai
2020-01-17 01:34:56
Эл уулу болуп, эл жугун аркалаган улуу инсан бол!
+6
nuri_s
2020-01-17 08:49:23
Урматтуу админ эмнеге Султан жонундо да жазбайсынар? Ал дагы Жакшылыктай болуп жалгыз калды эле. Султан кайда окуйт азыр, кимдин карамагында деген сыяктуу?
+4
kanu
2020-01-17 09:40:08
Султан дегенди админ билип берип беришинерди суранат элек
+3
al-abu-kinesz
2020-01-17 16:51:09
Коргон сайын козумо жаш келет ушул балакайды
0
Birimdik5555
2020-01-17 16:52:46
Ии мундуу коз карашын коруп козума жаш келди,ылайым келечекте бактылуу бол
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан