22-23-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында өтө турган “Кийиз дүйнө” эл аралык фестивалында элечектердин 60 түрү сынга коюлат. Этнограф жана “Элечек” долбоорунун жетекчиси Надира Момунбаеванын айтымында, иш-чаранын катышуучулары илгерки каада-салттарды эске алып, элечек кийүүнүн ошол кездеги тартиби менен кийинип чыга алышат. “Элечектин тарыхы изилденип, атайын элечек даярдоо үчүн кездемелер Индиядан алдырылды”,- деди Н.Момунбаева. Элечекти ороонун, кийүүнүн ыкмаларын, шарттарын долбоордун уюштуруучулары өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү элечекти билген өнөр адамдары менен жолугуп үйрөнүшкөнүн кошумчалады ал.