Чүй ОИИББинин башчысынын дарылануусуна дагы каражат бөлүндү

Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Самат Курманкуловдун абалында жакшы жылыштар байкалууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Самат Курманкулов учурда өз алдынча тамактанып жатат. Буттарынын үстүңкү кыймылдаткыч функциялары калыпка келген. Ошентсе да толук калыбына келүү үчүн болжолдуу түрдө 2020-жылы марттын аягына чейин дарыланат. Өкмөттүн резервдик фондунан анын мындан аркы дарылануусуна 1 миллион 462 миң 69 сом, Саламаттыкты сактоо министрлигинен 4 миллион 798 миң 520 сом бөлүндү", - дейт министрликтен.

Эске салсак, Самат Курманкулов 7-августта Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы ооруканага алып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Altyn2017
2020-01-17 00:36:38
Аташкага төлөтүш керек болчу ушунун баарын.
-3
Altyn2017
2020-01-17 00:38:26
Ашанын азыркы Укмкда жаткан жери комфорт дейтко бүт шарттар толук каралган дейт Укмкда иштеген бир брат.
-3
Aikaaaa
2020-01-17 08:24:33
Бул кишиге бөлүндү дешип да жешет да ээ, жегичтерге любой жактан табыла берет экен да
+5
katerina.li
2020-01-17 20:09:55
Эч кимдин башына салбасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан