1 жумада 2 алтын. Кыргыздын алтын кызы Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн турнирде алтынга ээ болду

Италияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча эл аралык турнирде кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утту. Финалдык беттеште Айсулуу орусиялык балбан Любовь Овчарова менен кез келип, 7:2 эсебинде утушка жетти.

62 килограммга чейинки салмак категориясындагы беттеште Тыныбекова жарым чейрек финалда Жиа Лоң (Кытай), чейрек финалда Мэйси Эллен Килти (АКШ), жарым финалда Кайла Колин Киоко Мираклды (АКШ) утуп алган.

"Matteo Pellicone" эл аралык турниринин расмий сайтында Айсулуу Тыныбекованын "Ушул жылдын башында абалым улам начарлай берди, ошон үчүн бул беттешке 100 пайызга даяр эмес элем. Финалдын алдында машыктыруучум травмамдын айынан килемге чыкпашың керек деген ойдо болуп жатты" деген комментарийи жарыяланды.

Алтын медаль үчүн беттеш 3 мүнөт 16 секундга гана созулуп, Овчарованын мурду сынып, травмага байланыштуу ал беттешти улантуудан баш тартты.

Буга чейин, 12-январда Айсулуу Түркияда өткөн күрөш боюнча эл аралык мелдештен да алтын медаль уткан. Ошентип, кыргыздын алтынга тете балбаны 1 жуманын ичинде эки алтын медалды Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына салып берди.

Кыргыз спортунун тарыхындагы кыз келиндер күрөшү боюнча
Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы алтын медалды алып келген учурдан кадр.
Алдыда Тыныбекованы Олимпиада оюндары күтүп турат...

Айсулуу Тыныбекова үчүн ушул жыл спорттук карьерасындагы маанилүү жыл. Аны алдыда Японияда өтө турган Олимпиада оюндары күтүп турат.

Айсулуу Тыныбекованын Италиядагы жеңиши
1 жумада 2 алтын. Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн мелдеште дагы алтын утту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
dair_17
2020-01-17 09:13:37
Айсулуу бул кетиште олимпиадада Кыргызстанга биринчи алтынды алып берет окшойт
+17
Birimdik5555
2020-01-17 09:15:33
Айсулуу алга! Бактылуу бол
+9
Samatalibei
2020-01-17 09:33:41
Айсулу азаматсын. Уй булоолук бакыт каалайм.
+11
Kulatov
2020-01-17 09:41:26
Ылайым олимпиадада алтын алып Кыргыздын желегин желбиретип кел. Бүтүн кыргыз эли сенин алтын алып келишине ишенебиз.
+13
Altyn.bala
2020-01-17 10:28:15
Нарындын кызы да.Азаматсын!
+6
leilek85
2020-01-17 11:57:43
Altyn.bala,КЫРГЫЗДЫН кымыз жыттуу кызы
+13
Makul
2020-01-17 10:49:33
Айсулуушка биздин сыймыгыбыз!!! Кудайым буюрса олимпиададан да алтын менен келээрине ишенебиз алтын кыз!!!
+11
Flowhive
2020-01-17 10:49:41
Жакшы шүгүр ушул өзүң барсың Айсулуу , жакшы жаңылыктар менен кубандырып турасың
+10
bessmertiy
2020-01-17 12:33:53
Балбан кыз! Жеңиш кут болсун!
+9
Belek1710
2020-01-17 12:59:36
Азамат, Айсулуу куттуктайбыз!
+7
tina-Tin
2020-01-17 13:09:03
Азаматсын Айсулуу! Куттуктайбыз.
+5
tina-Tin
2020-01-17 13:11:01
Эмне учун Айсулуунун кийиминде кытайча жазуу. Же рекламабы кытайлардын кийимин.
+5
Azkoni
2020-01-17 13:56:44
Куттуктайбыз.Керемет кызсын да.Сага батабызды берип отурабыз.
+4
Jelezo
2020-01-17 14:10:48
Сөз жок аябай мыктынын мыктысызын, өмүрүн узун ден соолук чың бактылуу кыз бол.
+5
Blueaffair
2020-01-17 19:39:25
Таазим сага Айсулуу чондор чакалап чачкан алтынды кашыктап чогултканына.
+4
akmanai
2020-01-17 23:21:22
Дайымкыдай азыр дагы ыйлап атам. Кубанычтан ыйлатып дайыма Кыргызстанды бийике жетелеп журо бер. Алтын кыз. Ата-энесине алкыш!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан