Инстаграм социалдык тармагында дезинформация менен күрөшүү иштери 2019-жылдын декабрь айында башталган. Бир айдан соң программисттер жаңы функцияны - ашыкча фотошоп колдонулган сүрөттөрдү жашырууну иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Биз Инстаграмдагы көргөн нерсеге ишенүү жаратууну каалайбыз. Сүрөт, видео аркылуу дезинформация тараткандар учурда көбөйүүдө, ошондуктан биз мындай маселени чечүүгө кириштик. 2019-жылы май айында АКШлык фактчекерлер менен иш алып барып, жалган маалыматты аныктоону колго алып баштаганбыз. Эми аталган программаны дүйнө жүзүнө тест катары колдонуудабыз", - деп билдирген социалдык тармактын өкүлү.
Мындан ары "туура эмес" же "суроо жаратат" деп белгиленген сүрөттөр фактчекерлер тарабынан текшерилип, анык сүрөт экени аныкталбаса, "жалган маалымат" катары белгиленет. Бул сүрөт же видеону хештег менен табууга мүмкүн болбой, башкалардын лентасында алгач тунарып чыгып, алардын уруксаты менен гана көрсөтүлөт.
Дүйнөлүк жылдыздардан тартып кыргыз эстрада жылдыздарына чейин фотошоп деген программаны сүйүп колдонушчу эле, мындан ары сүйүктүү хоббиси ишке ашабы-жокпу, убакыт көрсөтөт.