Бишкекте жол тандабастын айдоочусу жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн окуучу кызды сүзүп кетти. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын маалымат катчысы окуя 17-январда болгонун билдирет.
"Эртең менен саат 08:15 чамасында Байтик Баатыр көчөсү менен бара жаткан Лексус 470 унаасы №4 үйдүн тушунан жөө адамды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 9 жаштагы жабырлануучу №3 балдар ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам алып кеткен. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды", - деп кабарлашты маалымат кызматынан.