Белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, манасчы, дастанчы Сапарбек Касмамбетов 85 жашында каза болду. Ал бүгүн, 19-январда каза болгонун төкмө акын Азамат Болгонбаев ырастады.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-январь күнү саат 10:00дө Бишкектеги Киргизия-1 конушунда орун алат.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарында төрөлгөн. Кочкордо окуп, таалим алган. Ал - манасчы, төкмө акын, Эл агартуунун отличниги, Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу, "Манас-1000" юбилейлик медалынын жана "Даңк" медалынын ээси. 1987-жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлгөн Манас айтуу боюнча сынактарда 7 ирет жеңүүчү болгон.

Сапарбек Касмамбетовдон “Семетей” эпосунун “Кырк чоронун өлүмү” эпизоду (1600 сап ыр) жазылып алынган. Андан сырткары СССР мезгилинде радио, телевидениелерге миңдеген саптар жаздырылып, азыр алардын фондунда сакталуу.

SUPER.KG порталы Сапарбек Касмамбетовдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Benazir08
2020-01-20 08:55:17
Жаткан жери жайлууу болсун жакшы эле жашаптыр менин чон атам 30жылкы муруун эле өлгөн.
+1
Tiken
2020-01-20 11:50:54
Арты кайырлуу болсун! Азыр манасчыларга Куран окулабы же жокпу? Ушул нерсе боюнча кимде маалымат бар?
0
Jelezo
2020-01-20 11:52:49
Tiken, манасчыларга чокунганын көрдүң беле.
+1
senchi
2020-01-20 12:00:52
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан